Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 70 тыйынга, дизель майы 1 сомго төмөндөдү.

 

Ведомстводон белгилешкендей, республика аймагында күйүүчү-майлоочу материалдын баасын турукташтыруу жаатында иштер уланат. Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун жетиштүү запасы бар, — дешти кызматтан.