Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2 миң 766 квота бөлүп берди. Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-20-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек.
Талапка ылайык, ажыга бара тургандар 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана ПЦР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Эске салсак, пандемиядан улам 2 жылдан бери Мекеге ажылык токтотулган болчу.