Бишкектин №37 мектебинде кошумча корпус курулат

Бишкектин №37 мектебинде кошумча корпус курулат. Ордо калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 3 кабаттуу имарат                     525 окуучуга чакталат.

 

Анда окуу класстары, ашкана, акты жана спорт залдары, медициналык кабинет, лаборатория жана башка зарыл бөлмөлөр орун алат. Андан тышкары, мектептин аймагында спорт аянтчасын жана сквер куруу пландалууда. Курулуш иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.