Улуу Британия 30 жылдан кийин биринчи жолу көмүр кенин ачуу алдында турат

Улуу Британия 30 жылдан кийин биринчи жолу көмүр кенин ачуу алдында турат. Чет элдик басылмалар жазышкандай, мунун себеби Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыкты азайтуу менен байланыштуу. Алар күйүүчү майдын тартыштыгына учурашкан. Белгилеп кетсек, Глазгодо өткөн БУУнун климаттык конференциясында британ премьер-министри Борис Жонсон жаңы шахталардын курулушун… Кененирээк…

Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачуу пландалууда

Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачуу пландалууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда түз аба каттамдын ачылышына эки өлкөнүн жарандары кызыктар экени белгилүү болду. Ал эми туруктуу каттамдарга чейин ушул жылдын 28-апрелинде Кыргызстанга чартердик рейс пландаштырылып… Кененирээк…

Төө-Ашууда жаңы технологиялык туннель куруу сунушталды

Төө-Ашууда жаңы технологиялык туннель куруу сунушталды. Бул тууралуу демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнүн парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйында түндүк менен түштүктү байланыштырган туннелдин көптөн бери оңдолбогон абалы сынга алынды. Эске салсак, өкмөт 2 жыл мурун Төө-Ашуудагы тоннелден 1 миң метр ылдыйда жайгашкан акы төлөнүүчү тоону… Кененирээк…

Бишкектеги «Манас» айылы жаңыртылат

Бишкектеги «Манас» айылы жаңыртылат. Бул тууралуу президент «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган этно комплекс эч кимдин менчигине берилбейт. Белгилеп кетсек, буга чейин айрым манасчылар «Манас» айылынын жери жаңы «Ак үй» сала тургандарга алмаштырыла турганын айтып чыккан. Кошумчаласак, аталган жерди калыбына келтирүү иштерин… Кененирээк…

Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.  Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган.