Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган.