Төө-Ашууда жаңы технологиялык туннель куруу сунушталды

Төө-Ашууда жаңы технологиялык туннель куруу сунушталды.

Бул тууралуу демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнүн парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында түндүк менен түштүктү байланыштырган туннелдин көптөн бери оңдолбогон абалы сынга алынды.

Эске салсак, өкмөт 2 жыл мурун Төө-Ашуудагы тоннелден 1 миң метр ылдыйда жайгашкан акы төлөнүүчү тоону тешкен өтмөк куруу үчүн инвестор издөөнү жарыялаган.

Ага ылайык, Унаа жана жолдор министрлиги кытайлык компания менен меморандумга кол койгон.

Бирок долбоордун ишке ашырылышы боюнча ушул күнгө чейин эч кандай маалымат бериле элек.