Кыргызстанда адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди

Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.   Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго системалуу жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу каралган.  … Кененирээк…

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Буга өлкөнүн башкы каржы мекемеси тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү себеп болгондугу айтылды. Кошумчаласак, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды. Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада… Кененирээк…

Ош шаарындагы аэропорттун аймагына 100 түп көчөт отургузулду

Ош шаарындагы аэропорттун аймагына 100 түп көчөт отургузулду. Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү. Анда кызматкерлер аэробекет комплексине жакын аймактарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп, кампалардын, өндүрүш аянтчаларынын жана имараттардын аймактарын иретке келтиришти. “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы… Кененирээк…

Кыргызстанга айыл чарба техникасынын импорту 2 эсеге өстү

Кыргызстанга айыл чарба техникасынын импорту 2 эсеге өстү. Ушул жылдын 1-кварталында өлкөгө дээрлик 290 техника алынып келингенин Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен 151 трактор, кайра иштетүүчү 1 техника, 27 даана айыл чарба техникасы, атайын техникадан 48 даана жана 2 транспорт каражаттары жеткирилген. Жабдуулар жакынкы… Кененирээк…

Улуттук банк коммерциялык банктарды 14 пайыз менен насыялоону улантат

Улуттук банк коммерциялык банктарды 14 пайыз менен насыялоону улантат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бүгүнкү күндө эсептик чен өлчөмүн сактап калды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган. Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу эсептик ченди 10-мартта өзгөртүп, 10 пайыздан 14 пайызга… Кененирээк…

Апта соңунда Кыргызстанда абанын температурасы жогорулайт

Апта соңунда Кыргызстанда абанын температурасынын бир топ жогорулашы күтүлүүдө. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 1-майда абанын табы 25тен 28 градуска чейин ысыса, 2-3-майда +30дан ашат. Ал эми 4-майдан тарта кайрадан суук болуп, күн күркүрөшү күтүлөт.  

Оштун райондорун таза суу менен камсыз кылууга ЕРӨБ дээрлик 20 млн евро берет

Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 20 миллион евро берет. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, анын алкагында, Ак-Буура каналын модернизациялоо жумуштары да аткарылат. Кошумчаласак, каражаттын 14 миллион 130 миң евросу насыя түрүндө берилсе, 3 миллион 740… Кененирээк…

Баткенде мөндүр аралаш жаан жаап, эгин жерлерди сел суулары каптады

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам И. Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасынын жана бир турак үйдүн короосуна суу толгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок. Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел… Кененирээк…

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу ачык

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, учурда каттамга эч кандай чектөө жок. Эске салсак, кечээ эртең мененки саат 9дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел аталган трассанын болжол менен 40-44 чакырымын каптаган.

Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, элчиликти ачуу маселеси 2023-жылдын каржы планына киргизилди. Белгилеп кетсек, учурда бул мамлекеттеги иштерди Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алып барат.