Бишкектеги «Манас» айылы жаңыртылат

Бишкектеги «Манас» айылы жаңыртылат.

Бул тууралуу президент «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган этно комплекс эч кимдин менчигине берилбейт.

Белгилеп кетсек, буга чейин айрым манасчылар «Манас» айылынын жери жаңы «Ак үй» сала тургандарга алмаштырыла турганын айтып чыккан.

Кошумчаласак, аталган жерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселеси буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөн.

Бирок майнап чыккан эмес.