Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай режим алдыдагы май майрамдарына байланыштуу. Тартип сакчылар коомдук коопсуздукту камсыздайт.

 

Стратегиялык маанилүү объектилер, анын ичинде ооруканалар, ишканалар өзгөчө коргоого алынат. Жалпысынан май майрамдарында коомдук коопсуздукту сактоого 8 миң милиция кызматкери тартылат.