29 жаштагы химия мугалими Максат Абилов Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалими деп аталды

29 жаштагы химия мугалими Максат Абилов Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалими деп аталды. Жеңиш үчүн ага баш байге ыйгарылды – унаа жана Ысык-Көлгө жолдомо.

 

Абиров 6 жылдан бери окуучуларга билим берип келет. Бул убакыт аралыгында анын 13 окуучусу шаардык жана облустук олимпиадаларда химия сабагы боюнча биринчи орундарды ээледи.