Эртең Бишкек туулган күнүн белгилейт. Ордо калаага 144 жыл толот. Майрамдын урматына мэрия шаар тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу программа даярдады. 4 райондо тең ар кандай сынактар, спорт мелдештери жана көргөзмөлөр орун алат.
Ала-Тоо аянтында кечки саат 7де майрамдык концерт башталып, ага эстрада ырчылары катышат.
Андыктан, Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси саат 4төн тарта кыймылга жабылат.