Бразилияда баңги зат сатуучуларына жардам берип келген тоту куш камакка алынды

Бразилияда баңги зат сатуучуларына жардам берип келген тоту куш камакка алынды. Кылмышкерлер канаттууну полиция келип калса, кабар берип турууну үйрөтүп коюшкан.

 

Тартип сакчылар кирип келгенде тоту куш “Апа, полиция” деп кыйкырып турган. Канаттуу кылмышкерлерден тартып алынгандан кийин жергиликтүү зоопаркка тапшырылды.