Көптөн күткөн “Аватар-2” тасмасы ушул жылдын декабрында тартууланат

Көптөн күткөн “Аватар-2” тасмасы ушул жылдын декабрында тартууланат. Бул тууралуу анын режиссеру Джэйм Кэмерон жарыялады. Сиквелдин башкы урааны – “Суу жолу”. “Аватар-2де” биринчи тасмадан 7 жыл өткөндөн кийинки окуялар көрсөтүлөт.

 

Башкы каармандар Джейк жана Нэйтири Пандорада бактылуу жашап жатканда, планетага адамдар кол салат.

 

Эми бул үй-бүлө Пандораны куткарышы керек.