Орозо айтты майрамдоого байланыштуу жалган маалымат тараткандар жазаланат

Интернетте Орозо айтты майрамдоого, ал күнү мал союуга тыюу салынганы тууралуу тарап жаткан аудиолор жалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, чагымчыл маалыматтарды тараткандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Шектүү маалыматтарды билбей тараткандар да кылмыш жоопкерчилигинен куткарылбайт. Кошумчаласак, быйылкы Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет.