Илон Маск эми Coca-Cola компаниясын сатып алышы мүмкүн

Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Coca-Cola компаниясын сатып алуу ниетин билдирди. Бул тууралуу анын Твиттерге жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

«Кокаинди кайра алып келүү үчүн (суусундуктун курамына) эми Coca-Cola компаниясын сатып алам», — деп жазган ал.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин компаниянын акциясы 0,3 пайызга кымбаттаган.

 

Эскерте кетсек, Илон Маск 25-апрелде Твиттерди дээрлик 44 миллиард долларга сатып алган.