Бишкекке жыл аягына чейин 500 жаңы автобус сатып алынат

Бишкекке жыл аягына чейин 500 жаңы автобус сатып алынат. Буга ордо калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда 120 электробус сатып алынууда, тендерлер ратификациядан өттү. Андан тышкары, Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 140 газ маторлуу кичи маршрутка сатып алат. Ошондой эле мэрия 1… Кененирээк…

Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу ниети жок

Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу ниети жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына «Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат» деген мазмундагы социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуудан карманууну… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, кечки саат 8ге чейин Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш айылдары, ЖЭБ-2 жаңы конушу, жаңы Селекция району, Достук айылы, Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү бүгүн, таңкы саат 4 жарымдар чамасында болгонун Сейсмология инситутунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жердин титирөөсү Шоро-Башат, Таштак айылдарында 4 баллга жетти. Мындан тышкары, Өзгөн районунун бир нече айылдарында, Сузак, Токтогул, райондорунда жана Өзгөн, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында да… Кененирээк…

Кыргызстанда 180 миңден ашык салык төлөөчүнүн карызы бар

Кыргызстанда 180 миңден ашык салык төлөөчүнүн карызы бар. Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, 7 миң 800 субъект камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бересе. Ведомство карызды өндүрүү, анын ичинде карызды мажбурлап төлөтүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, карыздын негизги суммасын төлөгөндөр, эсептелген туумдар, санкциялар… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бизге шаардык мэриянын маалымат кызматынан такташкандай, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге каражат жергиликтүү бюджеттен сарпталат. Маалыматка ылайык, 100 жана 50 орунга чакталган бала бакчалар жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, жергиликтүү мекеме-ишканаларга өтүп кеткен бир топ… Кененирээк…

Казакстандын борборунда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты курулат

Казакстандын борборунда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты курулат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, биздин өлкөнүн коңшу мамлекеттеги элчиси Нур-Султандын мэри менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк үчүн жер бөлүп берүү маселеси талкууланды. Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30… Кененирээк…

Өзбекстандын ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов кызматтан кетти

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынды. Коңшу өлкө президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдиргендей, Камилов президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалды. Камиловду Өзбекстандын тышкы иштер министри кызматына 2012-жылы өлкөнүн… Кененирээк…

Сузакта 6 айыл өкмөтүн тейлеген жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 айыл өкмөтүн тейлеген жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бизге район акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, мекеме жеке ишкерлер жана жергиликтүү бийликтин жардамы аркылуу ашар жолу менен курулду. Маалыматка ылайык, бул жердеги 5 адам калкка 30 түрдүү кызмат көрсөтөт. Кошумчаласак, 330 миң… Кененирээк…

Жалал-Абадда 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абадда 180 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттан турган мектепке чейинки мекемеге жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Ал эми эмеректерин, ашкана буюмдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялары демөөрчүлүк кылды. Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында… Кененирээк…