Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына дээрлик 200 миң гүл отургузулду

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына дээрлик 200 миң гүл отургузулду.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 10дон ашык гүлдүн түрү тигилди.

Эгер гүл уурдалып, сынып же куурап кала турган болсо, кайра отургузуу үчүн 10 миң гүл резервге алынды.