Япониянын тургундарына көчөдө беткапсыз жүрүүгө уруксат берилиши күтүлүүдө

Япониянын тургундарына көчөдө беткапсыз жүрүүгө уруксат берилиши күтүлүүдө. Бирок бийлик өкүлдөрү белгилегендей, бул адамдардын ортосунда жетиштүү аралык болгондо гана мүмкүн болот. Белгилеп кетсек, Япония пандемиянын эки жылында биринчи жолу мындай жеңилдикке жол берүүдө.

Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү иштери улантылат

Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү иштери улантылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет. Таштарды түшүрүү эртең мененки саат 9дан 3кө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен өткөрүлөт. Эгер 40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын айылдарына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга 100 млн доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Баткендин 35 айылын жана Ысык-Көл облусунун 3 айылына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга жана оңдоого 100 миллион доллар бөлдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, мындан тышкары, бул каражат Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир бөлүгүндөгү үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоого жумшалат.

Бүгүнтөн тарта бардык мамлекеттик органдар кат алышууну электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүшөт

Бүгүнтөн тарта бардык мамлекеттик органдар кат алышууну электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүшөт. Министрлер кабинетинен эске салышкандай, 18-апрелде Акылбек Жапаров мамлекеттик бюджетти үнөмдөө максатында ведомстволор менен министрликтерге кызматтык кагаздардын эки жагын тең колдонууну буйруган. Анын айтымында, бул учурдагы керектөөнү 50 пайызга кыскартып, бюджетти жылына 112… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 160 млн сомдон ашык бөлүнөт

Саламаттыкты сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 160 миллион сомдон ашык бөлүнөт. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жабдуулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдан түшкөн акчага сатылып алынат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда бир нече жылдан бери тез жардам унааларынын жетишсиздиги… Кененирээк…

Өзбекстан менен Казакстан космос боюнча кызматташат

Өзбекстан менен Казакстан космос боюнча кызматташат. Чет элдик басылмалар билдиргендей, анын алкагында, космостук тармактын ар кыл багыттарында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, космос мейкиндигин, анын ичинде астрофизикалык, планеталык изилдөө жүргүзүү, космос аппараттарын, навигациялык системаларды иштеп чыгышат. Келишим эки өлкөнүн тынч максатта космос мейкиндигин иликтөө жана… Кененирээк…

Бишкектеги ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулат

Бишкектеги ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулат. Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков билдиргендей, камералар эки жерге коюлуп, видеобайкоо күнү-түнү жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институту болуп эсептелет жана ал Бишкектин эки жеринде жайгашкан.

Мамлекет чет өлкөлүк университетте билим алууга 50 студентти стипендия менен каржылайт

Мамлекет чет өлкөлүк университетте билим алууга 50 студентти стипендия менен каржылайт. Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасы боюнча Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 окуу жайдын биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөндөргө каражат берилет. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз,… Кененирээк…

Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында жайкы каникулдарда окуучуларга бир катар чектөөлөр киргизилет

Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында жайкы каникулдарда окуучуларга бир катар чектөөлөр киргизилет.   Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, президент Сердар Бердымухамедовдун буйругу менен жайкысын балдарга кечкисин сейилдөөгө, кафе-ресторандарга барууга, ТикТок, Инстаграм жана башка социалдык тармактарда сүрөт-видео бөлүшүүгө, ар кандай сайттарга кирүүгө тыюу салынат.   Ата-энелердин арасында атайын түшүндурүү… Кененирээк…

Кыргызстан кумшекердин арзан баасы боюнча ЕАЭБде жана коңшу мамлекеттер арасында экинчи орунда турат

Кыргызстан кумшекердин арзан баасы боюнча ЕАЭБде жана коңшу мамлекеттер арасында экинчи орунда турат. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Андан белгилешкендей, 30-апрелге карата биздин өлкөдө кумшекердин бир килограммынын баасы 82 сом турат. Беларусияда гана бул азык арзаныраак – 65 сом. Өзбекстанда кумшекер… Кененирээк…