Баткенде улуттук ат оюндар үчүн ипподромдун курулушу башталды

Баткенде улуттук ат оюндар үчүн ипподромдун курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, спорттук аянтча Халмион айылында жайгашат.

Жергиликтүү бийлик акыркы кезде ат оюндарына, анын ичинде көк бөрүгө кызыккандардын саны көбөйүп, ошол себептен ипподром куруу чечими кабыл алынганын белгиледи.