Украиналык топ Eurovision-2022 ыр сынагынын финалына чыкты

Украиналык «Калуш Оркестра» тобу эл аралык Eurovision-2022 музыкалык сынагынын финалына чыкты.

Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Алардын аткаруусундагы «Стефания» деген ырды топтун солисти Олег Псюк өзүнүн энесине арнаган.

Бул чыгарма Украинадагы согушка чейин эле жазылган.

Быйыл сынак Италиянын Турин шаарында өтүп жатат. Украиналык топ сахнага чыкканда көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Ошондой эле финалга Швейцария, Армения, Исландия, Литва, Португалия, Норвегия, Грекия, Молдова жана Нидерланд жолдомо алды.

Жеңүүчү 14-майда аныкталат.

«Калуш Оркестра» – 2019-жылы негизделген рэп багытындагы топ.