Индияда эже-сиңдилер биргелешкен үйлөнүү тоюнда бири-биринин күйөөлөрүнө турмушка чыгып алышты

Индияда эже-сиңдилер биргелешкен үйлөнүү үлпөт тоюнда кокусунан бири-биринин күйөөлөрүнө турмушка чыгып алышты.

Буга электр энергиясынын өчүрүлүшү себеп болгон.

Ыңгайсыз жагдайга карабастан, дин кызматкери аземди уланта берген.

Келиндердин атасынын айтымында, эки аял тең кызыл түстөгү көйнөк кийип, жүздөрүн паранжа менен жаап алганы баш аламандыкка алып келди.

Бул ката кийинчерээк жөнгө салынды.