Билим берүү министрлиги сентябрда мугалимдер азыркыдан азыраак маяна алаарын эскертти

Билим берүү министрлиги сентябрда мугалимдер азыркыдан азыраак маяна алаарын эскертти.

Ведомство буга чейин агартуучулар жогорулатылган айлыкты учурдагы жүктөмдү эске алуу менен алышканын белгиледи.

Бирок министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жаңы окуу жылынан баштап мугалимдерге жүк азайтылат.

Белгилеп кетсек, апрелде мугалимдердин айлыгы бир топ жогорулап, айрымдар үчүн дээрлик 50 миң сомду түздү.