WhatsApp мессенджеринде эми тайпанын катышуучуларынын санын максималдуу чекке чейин көбөйтсө болот

WhatsApp мессенджеринде эми тайпанын катышуучуларынын санын максималдуу чекке чейин көбөйтсө болот. Жаңы функцияга ылайык, эми бир тайпага 512 адамды кошууга мүмкүн.   Ал эми азыркы тапта колдонуучулар 256 катышууга чейин кошо алат. Функция жакынкы арада бардык катышуучуларга жеткиликтүү болот.

Келе жаткан жайда ак түстүү бут кийимдер мода болот

Келе жаткан жайда ак түстүү бут кийимдер мода болот. Мындай божомолун британиялык Vogue басылмасынын башкы редактору Элис Монтгомери берди.   Андан тышкары, эксперттин пикиринде, бул сезондо ак аксессуарлар популярдуу болот, өзгөчө сумкалар жана курлар. Жайында ак кроссовки, босоножки, сандали жана 90-жылдардагыдай ак шиш такалуу туфли… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 600 абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 600 абитуриент катталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 5 миң адамга көп. Бүтүрүүчүлөрдүн билимин сыноо 23-28-майда эки этап менен өтөт. Ал эми быйыл жалпысынан мектепти 68 миңге… Кененирээк…

Сүлүктүдө кыз узатуу тоюнан кийин 32 киши ууланды

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде кыз узатуудан кийин 32 адам ууланган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Окуя 8-майда болгон. “Кыз узатууга 180 киши келген. 9-майдан бери тамактан ууланган белгилер менен медициналык жардамга 32 адам кайрылган. Алардын 11и Сүлүктү… Кененирээк…

Муфтият куран майрамын өткөрөт

Бүгүн 11-майда Бишкекте Куран майрамы өтөрүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Курандан дилим тазарат” аттуу иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.   Иш-чаранын максаты Куран аяттарын чечмелөө экени айтылды. Анда өлкө аймактарынан тандалган мыкты карылар Куран окуса, белгилүү дин аалымдары аяттарды… Кененирээк…