Өкмөт мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20 пайызга жогорулатып турууну убадалады.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдүн Түп районундагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Ал ишендиргендей, 1-июндан тарта аз камсыз үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдун көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды.
Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда, — деди Акылбек Жапаров.