Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 14-15-май аралыгында Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.