Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда.

Мэриянын маалыматына караганда, эскертүүлөр боюнча шаардыктар өз ыктыяры менен мейманканалардын чарбалык курулушун, сейил бактардагы күркөлөрдү, контейнерди алышты. Мындан тышкары, “Ынтымак” сейил багындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү толугу менен тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле реконструкциялануучу көчөлөрдү бошотуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө.