Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды.
Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы катышууда.
Жалпысынан 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сынашууда.
Марафондун байге фонду 1 миллион 500 миң сомдон ашык.
Белгилеп кетсек, ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимп оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.