Кыргызстанга билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштөр 15 млн доллар грант бөлөт

Кыргызстанга билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштөр 15 миллион доллар грант бөлөт.

Бул тууралуу макулдашууга Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин АКШга иш сапарынын жүрүшүндө жетишилди.

Анда билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртууга кызыктар экенин, ошондой эле тармактын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1 миллион доллар бөлүүгө даярдыгын билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, бул багыттагы сүйлөшүүлөр уланат.