Ордо калаада Ала-Тоо аянты кыймылга ачылды
Ордо калаада Ала-Тоо аянты кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүп баштады. Эске салсак, 15-майда Чүй проспектинин Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Андан улам шаардын чок ортосунда бир жума бою жол тыгыны жаралды.