Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир тарабы убактылуу жабылат

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир тарабы убактылуу жабылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, трассанын Боом капчыгайына тиешелүү 129-чакырымында бүгүнтөн тарта 27-майга чейин таштарды түшүрүү иштери аткарылат.

 

Андан улам, саат 9дан 3кө чейин жолдун бир тарабы кыймылга чектелип турат.

 

Топтолгон унаалардын саны 30-40тан ашып кетсе, таш кулатуу иштери токтотулуп, жол ачылат.