Түркия бүгүнтөн тарта өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин талап кылбайт
Түркия бүгүнтөн тарта өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин талап кылбайт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Ички иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин Италия да 1-июндан тарта туристтер үчүн бардык коронавирус чектөөлөрүн жокко чыгарганы кабарланган.