Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн бюджеттен 1 млрд 200 млн сом бөлүндү

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. “Жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага тиешелүү болот жана бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, «, —… Кененирээк…

Жалал-Абадда 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Жалал-Абадда 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, шаардагы №1 мектеп-гимназиянын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 58 миллион 720 миң сомду түзөт. Эске салсак, азыркы колдонуудагы эскилиги жеткен мектеп имараты 1927-жылы курулган.

Кыргызстанда балдардын саны 2,3 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда балдардын саны 2,3 пайызга көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башында өлкөдө 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн эркек балдар түздү. Ал эми 2020-жылга салыштырмалуу балдардын саны 56 миңге көбөйдү. Кыргызстанда балдардын көпчүлүгү, тагыраагы, 67 пайызы айыл… Кененирээк…

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 31-майда саат 20:54тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 3 баллга чейин жана Чоң-Алай районун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.… Кененирээк…

Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу толугу менен төмөндө: “Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасындагы бардык жеткинчектерди бүгүнкү жаркын майрамы менен куттуктайм! Балдарынын сүйүнүчү – ата-эненин кубанычы, ата-энелердин дагы бүгүнкү майрамы кут болсун! Балдарды коргоонун… Кененирээк…

Мектеп программасына шахматты киргизүү пландалууда

Мектеп программасына шахматты киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди. “Жыл аягына чейин ушул багытта долбоорду даярдайбыз. Кадр, методика жана каржы маселесин чечишибиз керек. Шахматты улуттук кызыкчылык деген деңгээлге жеткиришибиз абзел”, — деди ал. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу балдар… Кененирээк…

Кыргызстанда жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргызстанда жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды. Документ айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган турак жайларга менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыкты. Анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жер тилкелерин трансформациялоо… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлөт

Бүгүнтөн тарта балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 1-июндан баштап жогорулайт. Алсак, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын берилүүчү пособие мурда 810 сом болсо, эми алар… Кененирээк…

Омар Султанов БУУнун Женевадагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Омар Султанов Женевадагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди. Цехтеги тигилген кийимдер коңшу өлкөлөргө жана Россияга экспорттолот.