Бүгүн Бишкек мектептеринде жайкы лагерлер иштеп баштады

Бүгүн Бишкек мектептеринде жайкы лагерлер иштеп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, алар 46 орто билим берүү мекемесинин алдында уюштурулду.  Жайкы лагерлерде 4 миң бала эс алууда.   Алардын арасында окуунун отличниктери жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Андан тышкары, Бишкектен 230 окуучу Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына… Кененирээк…

Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. Буга чейин министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан кийин Башкы… Кененирээк…

Дани Алвес “Барселонадан” кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды

Дани Алвес “Барселонадан” кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.   Алвес дүйнөдө эң көп титулга ээ футболчу.  Ал Франциянын, Италиянын, Бразилиянын чемпионаттарын жана улуттук кубокторун жеңип алган.   Бразилия курамасы менен  ал 2 жолу Америка Кубогун жана Конфедерациялар Кубогун, Олимпиада оюндарын жеңген. 2008-2016-жылдары… Кененирээк…

Пакистандын тургундарына өлкө экономикасын сактоо үчүн чайды азыраак ичүү сунушталды

Пакистандын тургундарына өлкө экономикасын сактоо үчүн чайды азыраак ичүү сунушталды.   Өнүктүрүү министри Ахсан Икбаланын айтымында, жарандар чайды аз ичсе, Пакистандын импорт эсеби кыскартылат.   Эске салсам, аталган өлкө дүйнөдөгү чайдын эң ири импортеру, өткөн жылы ал 600 миллион долларга чай сатып алган. Бирок министрдин… Кененирээк…

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Бүгүн ажылык сапарга 405 жаран жөнөтүлдү.   Аларды 8 ажы башчы, штаб жетекчиси жана дарыгерлер коштойт. Эске салсак, быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 2 миң 766 квота бөлүп берген.

Аристондорду бүгүн өчүрүү керек

Адистер бишкектиктерге суу ысытуучу шаймандарды өчүрүү керектигин эскертет. “Бишкек жылуулук тармагынан” билдиришкендей,  ордо калаада бүгүн ысык суу берилип баштайт.   Эгер бир эле батирде суу ысытуучу каражат иштеп жаткан болсо, жалпы көп кабаттуу үйгө ысык суу берүү процесси татаалданат. Кандайдыр бир маселелер жаралса, керектөөчүлөр 19… Кененирээк…

Ошко жаңы 50 автобус жеткирилет

Ошко жаңы 50 автобус жеткирилет.   Тиешелүү суроо Ош шаардык кеңеште талкууланды. Жыйынтыгында, түштүк калаага ISUZU маркасындагы 50 даана автобустарды жеткирүү демилгеси жактырылды.   Планга ылайык, коомдук транспорт 16 орундуу болуп, бардык талаптарга жооп берет. Автобустар качан алынып келет, азырынча белгисиз.

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши көбөйүүдө

15-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 217 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.   Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1252 метр куб, агып чыгышы 392 метр кубду түзүүдө.

Бакиевдердин үйүнүн ордуна реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Бишкек шаарында балдардын реабилитациялык борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Курулуш Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү өрттөнгөн үйүнүн ордунда жүрүп жатат. «Кийинки жылы үч кабаттуу жаркыраган имарат даяр болот. Ичинде 96 койка орун, ашкана, укалоо, дене тарбиясын жасаган,… Кененирээк…

Эртең Бишкектен Балыкчыга бул сезондогу алгачкы жүргүнчү ташуучу поезд жүрөт

Эртең Бишкектен Балыкчыга бул сезондогу алгачкы жүргүнчү ташуучу поезд жүрөт.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Курам 17-июлга чейин аптасына 3 жолу, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.   Ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүрөт.