Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Бүгүн ажылык сапарга 405 жаран жөнөтүлдү.

 

Аларды 8 ажы башчы, штаб жетекчиси жана дарыгерлер коштойт. Эске салсак, быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 2 миң 766 квота бөлүп берген.