Эртең Бишкектен Балыкчыга бул сезондогу алгачкы жүргүнчү ташуучу поезд жүрөт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Курам 17-июлга чейин аптасына 3 жолу, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
Ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүрөт.