Пакистандын тургундарына өлкө экономикасын сактоо үчүн чайды азыраак ичүү сунушталды

Пакистандын тургундарына өлкө экономикасын сактоо үчүн чайды азыраак ичүү сунушталды.

 

Өнүктүрүү министри Ахсан Икбаланын айтымында, жарандар чайды аз ичсе, Пакистандын импорт эсеби кыскартылат.

 

Эске салсам, аталган өлкө дүйнөдөгү чайдын эң ири импортеру, өткөн жылы ал 600 миллион долларга чай сатып алган. Бирок министрдин бул суранычы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты, көпчүлүк чай ичүүнү азайтуу менен өлкө экономикасын сактап калуу мүмкүн эмес деген пикирде.