Бакиевдердин үйүнүн ордуна реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Бишкек шаарында балдардын реабилитациялык борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү өрттөнгөн үйүнүн ордунда жүрүп жатат.

«Кийинки жылы үч кабаттуу жаркыраган имарат даяр болот. Ичинде 96 койка орун, ашкана, укалоо, дене тарбиясын жасаган, дарыгерлер кабыл алган жана процедуралык бөлмөлөр болот», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

 

Курулушту президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы аткарат.

Борбор ишке киргенден тартып Социалдык коргоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

 

Кыргызстанда 200 миңдин айланасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, анын ичинен 34 181 баланын майыптыгы бар болсо, 10 миңге жакын бала дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж.

 

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү 2010-жылы 7-апрелде өрттөнгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген.