Жаңы стадиондун курулушу августта башталат
Жаңы стадиондун курулушу августта башталат. Президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, объект ордо калаанын түштүк-батыш тарабында орун алат. Аны тажрыйбалуу европалык компания курат. Каражатты инвесторлор бөлүп берет. Болжол менен, стадион 2 жылда курулуп бүтөт.