Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын айтымына таянып ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-обзордук конференциясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш… Кененирээк…

Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.   «Эки өлкө ортосундагы чек аранын… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапарбек Ормонов дайындалды

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапарбек Ормонов дайындалды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов билдирди. 49 жаштагы Ормонов буга чейин Ош мамлекеттик университетин проректору,  Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.   Ал эми Чолпон-Ата шаарын жетектеп келген Бердибек Иманбеков кызматынан бошотулду.

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучу тайпа ичиндеги башка катышуучулардан өзүнүн телефон номерин жашырып кое алат. Жаңычылдык сыноодон өтүп жатат.   Ага ылайык, тайпага кошулган адам кайсы колдонуучуга номерин көрсөтүү керектигин өзү тандайт.

Ошто №53 мектепке кошумча корпус курулууда

Ошто №53 мектепке кошумча корпус курулууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Амир-Тимур районунда жайгашкан билим берүү мекемесинин жаңы имаратында ашкана жана акты зал жайгашат.   Капиталдык курулуш башкармалыгынан белгилешкендей, объект жаңы окуу жылына чейин колдонууга берилет.

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 400 спортчу катышат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 400 спортчу катышат. Бул тууралуу 24 агенттигине Маданият, маалымат жана спорт министри Азамат Жаманкулов билдирди.   Анын айтымында, Түркия биздин өлкөгө расмий чакыруу жөнөттү.   Ири иш-чара спорттун 37 түрү боюнча Изник шаарында  29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт. Эске… Кененирээк…

“Манас” аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынак сентябрда өтөт

“Манас” аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынак сентябрда өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди.     Анын айтымында, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Долбоорго Германия жана Түштүк Корея компанияларынан сунуштар түштү. Кыргыз бийлиги “Манас” аэрорторун сырткы башкарууга берүү… Кененирээк…

Парагвайда футбол чемпионатын ит үчүн токтотууга туура келди

Парагвайда футбол чемпионатын ит үчүн токтотууга туура келди. Беттештин алдында жаныбар оюн талаасынын так ортосунда уктап калган. Стадионго күйөрмандар жык толуп, ышкырык жаңырганда дагы ал ойгонгон жок.   Жыйынтыгында, спортчулар ит өзү ойгонуп, оюн талаасынан кеткенин күтүп турушкан.

Чүй облусунун Мраморное айылында электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда

Чүй облусунун Мраморное айылында электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда. Эске салсак, кечээ катуу шамал катталды. Табигый кырсыктан кийин бактар кулап, электр линиялары үзүлүп, 17 турак-жайдын чатырлары учуп кетти.   Жерине министрликтин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү жана электриктердин 3 бригадасы… Кененирээк…

Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен АКШда жаңы консулдук ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу ачылды. Башкы консулдук 8-августтан тарта толук кандуу иштей баштаган.   АКШда жашап жана иштеген Кыргыз жарандары… Кененирээк…