Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен АКШда жаңы консулдук ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу ачылды. Башкы консулдук 8-августтан тарта толук кандуу иштей баштаган.

 

АКШда жашап жана иштеген Кыргыз жарандары бардык консулдук кызматтарды алууга башкы консулдукка кайрыла алышат (жарандык жана ички паспортторду жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, мекенине кайтуу күбөлүгүн жана башкалар).