Жашоо үчүн ылайыктуу эмес шаарлардын рейтинги түзүлдү

Жашоо үчүн ылайыктуу эмес шаарлардын рейтинги түзүлдү. Global Liveability Index тин отчетуна ылайык, эң начар калаа Сириянын борбору – Дамаск.   Бул тизмеге ошондой эле Тегеран, Алжир жана Карачи кирди, бул шаарлардын көчөлөрү таштандыга толгон, жолдору жаман абалда жана коопсуздук камсыздалбайт. Ал эми жашоо үчүн… Кененирээк…

Чүй облусунда “Ылдамдык” рейди жүрүүдө

Чүй облусунда “Ылдамдык” рейди жүрүүдө. Ал 11-августка чейин созулат, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан. Ал эми 11нен 14-августка чейин “Руль” рейди өтөт.   Ведомстводон белгилешкендей, бул текшерүүлөрдүн алкагында өзгөчө көңүл айдоочулардын жол эрежелерин сакташына бөлүнөт. Бул мас абалында руль башкаргандарды, документтери жок… Кененирээк…

Кыргызстан мектептери салттуулукка кайтууда

Кыргызстан мектептери салттуулукка кайтууда. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майга чейин созулат. Окуу китептерин колдонуу эрежелери өзгөргөн жок – жаңы китептердин ижара баасы бир жылга 25 сомду түзөт.   Эски китептер окуучуларга акысыз берилет. Окуу формасы тууралуу айта турган болсок, бирдиктүү… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда 275 миллион сомго бааланган жер участогу мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунда 275 миллион сомго бааланган жер участогу мамлекетке кайтарылды.   Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда 2010-жылы шаар мэриясынын токтому менен Майлуу-Суу лампа заводуна мыйзамсыз негизде 30 миң 460 чарчы метрлик жер аянты берилип кеткени аныкталган.   Мамлекетке жерди кайтаруу… Кененирээк…

Кыргызстанда евро валютасынын жоктугу – убактылуу көрүнүш

Кыргызстанда евро валютасынын жоктугу – убактылуу көрүнүш. Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ишендирди. Анын айтымында, мурда биздин банктар чет элдик валютанын жетишсиздиги учурунда россиялык банктар аркылуу абалды оңдоп алчу.   Ал эми учурда алардын дээрлик бардыгы санкциялар алдында тургандыктан, бул ыкма иштебей… Кененирээк…

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, технология керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда интернеттин ылдамдыгын жогорулатып, трафиктин көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Жаңычылдыкты киргизүү заманбап технологияларды жана коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет, — дешти ведомстводон.

Бишкекте аз камсыздалгандарды колдоого 35 миллион сом бөлүндү

Бишкекте аз камсыздалгандарды колдоого 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, каржылык колдоо “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында берилет. Жалпысынан бул максатта 282 миллион сом бөлүнүп, анын 35 миллиону Бишкекке туура келет.   Сумма үй-бүлөлөрдү… Кененирээк…

Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында катуу шамал 17 үйдүн чатырын учуруп кетти

Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында катуу шамал 17 үйдүн чатырын учуруп кетти.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылда шамалдан бак-дарактар, электр мамылары жабыркап, жарык үзгүлтүккө учураган.   Табигый кырсык катталган жерге министрликтин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү… Кененирээк…

Бишкекте дарак кулап жолтандабас менен минивэнди басып калды

Борбор калаада катуу шамалдан улам дарак кулап Toyota Harrier жана Honda Stream унааларын басып калды. Бул туурасында социалдык тармактын колдонуучусу Назгүл Мамытова жазды.   Анын айтымында, Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Учкун» ишканасынын унаа токтотуучу жайына чириген бак кулаган. Ал эки автоунааны басып калган. Кадрдан… Кененирээк…

Бишкекте “Таатан” соода борборунда өрт чыкты

Бишкектин Свердлов районундагы Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Өрт өчүрүүгө беш бөлүм тартылып, жеринде ыкчам топ, милиция, тез жардам жеринде иштеп жатат. Мекеме дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.   Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты… Кененирээк…