Чүй облусунун Мраморное айылында электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда. Эске салсак, кечээ катуу шамал катталды. Табигый кырсыктан кийин бактар кулап, электр линиялары үзүлүп, 17 турак-жайдын чатырлары учуп кетти.
Жерине министрликтин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү жана электриктердин 3 бригадасы тартылды.