Эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу коло медаль алды

Ушул жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. International Olympiad in Informatics — бул информатика… Кененирээк…

Бир катар маданият ишмерлери Ауэзовдун алтын медалы менен сыйланды

Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргызстандын адабият, илим, искусство, маданият жаатында эмгеги сиңген бир катар инсандарды сыйлады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланды: 1. Чолпон-Ата шаарындагы… Кененирээк…

Баткендин Зардалы айылы Интернетке туташтырылды

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы Интернетке туташтырылды. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалым болгондой, бул иш чет элдик уюм тарабынан ишке ашырылды. Белгилеп кетсек, Зардалы Кыргызстандагы шарты катаал, эң алыскы айылдардын бири. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы эки эсе көбөйдү

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы эки эсе көбөйдү. Билет саткан компаниялардын биринин изилдөөсүнө ылайык, бул жылы чет элдиктер өткөн жылга салыштырмалуу билеттерди эки эсе көп издешкен. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга көбүнчө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Германиядан келишүүдө.

Энергетикалык компанияларды бириктирүү аркылуу 1 млрд сом үнөмдөлөт

Кыргызстандагы энергетикалык компанияларды бириктирүү аркылуу 1 миллиард сом үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингден” билдиришти. Маалыматка ылайык, энергетикалык тармакты башкаруудагы реформа сентябрда жыйынтыкталат. Алгач бир нече ишканаларды бириктирүү пландалууда. Алсак, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” компаниялары “Улуттук электр тармактарына” кошулат. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты. Билдирүүдө айтылгандай, жайкы каникул мезгилинде жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында косметикалык оңдоо (актоо, сырдоо, жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларын… Кененирээк…

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүдө айтылгандай, Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 15-августтан 20-августка чейин №14 троллейбус Бейшеналиева — Москва — Фучик көчөлөрү менен жүрөт.   Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана… Кененирээк…

“ПСЖ” Лионель Месси менен келишимди узартууну пландап жатат

“ПСЖ” Лионель Месси менен келишимди узартууну пландап жатат. Клубдун жетекчилиги 1 жылдык жыйынтыкка саресеп салып, Мессинин оюнуна канааттанган. Аргентиналык футболчу менен 2023-жылы бүтө турган келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы арада башталат.   Белгилеп кетсек, буга чейин Месси “Барселонага” кайтып келиши мүмкүн деген маалыматтар тараган. Андыктан,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү чектелет

Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү чектелет.   Мэрия маалыматына ылайык, суу 16-августта эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин 8-кичи райондо жана 17-августтан саат 10дон 5ке чейин Дэн Сяопин, Трудовая, Пишпек, Кең-Суу көчөлөрүн бириктирген аймакта жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине… Кененирээк…

Айланма Чүй каналынын курулушу үчүн Кытайдан аткаруучу компания келди

Айланма Чүй каналынын курулушу үчүн Кытайдан аткаруучу компания келди.   Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Эске салсак, канал кытайлык гранттын эсебинен салынат.   Ал эми буга чейин министрлер кабинетинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга 5 миллиард сом талап кылынат. Каналдын курулушу менен Чүй облусунда сугат суусунун… Кененирээк…