“ПСЖ” Лионель Месси менен келишимди узартууну пландап жатат

“ПСЖ” Лионель Месси менен келишимди узартууну пландап жатат. Клубдун жетекчилиги 1 жылдык жыйынтыкка саресеп салып, Мессинин оюнуна канааттанган. Аргентиналык футболчу менен 2023-жылы бүтө турган келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы арада башталат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Месси “Барселонага” кайтып келиши мүмкүн деген маалыматтар тараган. Андыктан, ПСЖнын бул сунушун Месси четке кагып коюшу дагы мүмкүн.