Баткендин Зардалы айылы Интернетке туташтырылды

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы Интернетке туташтырылды.

Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш чет элдик уюм тарабынан ишке ашырылды.

Белгилеп кетсек, Зардалы Кыргызстандагы шарты катаал, эң алыскы айылдардын бири.

Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт.