Энергетикалык компанияларды бириктирүү аркылуу 1 млрд сом үнөмдөлөт

Кыргызстандагы энергетикалык компанияларды бириктирүү аркылуу 1 миллиард сом үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жумшалат.

Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингден” билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетикалык тармакты башкаруудагы реформа сентябрда жыйынтыкталат.

Алгач бир нече ишканаларды бириктирүү пландалууда. Алсак, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” компаниялары “Улуттук электр тармактарына” кошулат. Ал эми “Бишкекжылуулуктармактары” акционердик коому “Электр станциялары” ишканасы менен бириктирилет.