Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 15-августтан 20-августка чейин №14 троллейбус Бейшеналиева — Москва — Фучик көчөлөрү менен жүрөт.

 

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.