Баткен облусуна жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү

Баткен облусуна жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, буга чейин резервде эки миллиард сом болгон жана бул каражатка дагы бир миллиард сом кошулду. Белгилеп кетсек, өкмөт башчы ушул тапта иш сапар менен Баткенде жүрөт.

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 1-2-октябрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкеде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка азык-түлүктөр сатылат. Ага 50 ата мекендик өндүрүшчү катышат.

Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт

3-октябрдан 5-октябрга чейин Бишкектин кээ бир райондорунда газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Бул күндөрү өткөргүчтөрдө сызылып чыккан газды токтотуу иштерин жүргүзүү пландалууда. «Мындан улам Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-е Черепки, Жибек Жолу проспекти жана №7705 аскер бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт»,… Кененирээк…

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 303 миллион сом чогулду

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 303 миллион сом чогулду. Бул Каржы министрлиги бүгүнкү күнгө берген соңку маалымат.   Каражат азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Баткенде талкаланган 640 үйдүн 430у жараксыз абалда

Баткенде талкаланган 640 үйдүн 430у жараксыз абалда. 210 турак-жайды оңдоп-түзөп алса болот, — дешти министрлер кабинетинин басма-сөз кызмтынан. Андан тышкары, 11 административдик-стратегиялык объект, 18 социалдык объект, анын ичинде сегиз мектеп, жети бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт, 336 кошумча курулуштар, 197 чарбалык объект, бир көпүрө, 55… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылы 10 миң аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда кийинки жылы 10 миң аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, каржылык колдоо ала тургандардын тизмеси “үй бүлөгө көмөк” пособиесин алып келгендердин арасынан түзүлөт. Алар 100 миң сомго кичи ишкерлик баштап, жакырчылыктан… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-октябрдан 3-октябрга чейин “Торугат унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү жабык болот.   Бул Кытайда улуттук майрам белгиленгендигине байланыштуу. Бекеттерден транспорт каражаттырын жана жүктү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен эки өлкөнүн мамилесин талкуулады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, өлкө башчылары кыргыз-түрк кызматташтыгы боюнча сүйлөшүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө токтолушту. «Садыр Жапаров Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, ал адамзат цивилизациясынын мурасы… Кененирээк…

Бишкектин Ынтымак жаңы конушунда сквер пайда болот

Бишкектин Ынтымак жаңы конушунда сквер пайда болот. Ордо калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Эс алуу аймагы Садырбаев – Сакалдуу көчөлөр кесилишинде жайгашат.   Курулуш иштерине 12 миллион сом багытталат деп пландалууда. Аткаруучу компаниялардан арыздар 13-октябрга чейин кабыл алынат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын фавориттери аталды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын фавориттери аталды. Рейтингди Goal басылмасы түздү. Ага ылайык, божомолдор боюнча биринчи орунда Бразилия турат, экинчиде Франция курамасы жайгашса, үчилтикти Аргентина бекитет.   Топ-5ке ошондой эле Испания жана Германия кирет. Эске салсак, дүйнө чемпионаты Катарда 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Ал эми планетанын… Кененирээк…