Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 303 миллион сом чогулду

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 303 миллион сом чогулду. Бул Каржы министрлиги бүгүнкү күнгө берген соңку маалымат.

 

Каражат азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.