Бишкекте Садыбакасов көчөсүнүн тилкеси кыймылга ачылды

Бишкекте Садыбакасов көчөсүнүн тилкеси кыймылга ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Абдрахмановдон Эр-Тайлак көчөсүнө чейинки тилкесинде жол катмары жаңыртылып, тротуарлар курулду.   Муниципалитеттен белгилешкендей,  калыбына келтирүү жумуштары аяктаганына карабай, иштерди өткөрүп берүү – кабыл алуу акты кабыл алына элек. Ага мамлекеттик стандартка туура келгендиги текшерилгенден кийин… Кененирээк…

Путин Херсон жана Запорожьени аннексиялоого жол ачкан жарлык чыгарды

Россиянын президенти Владимир Путин 29-сентябрда орус күчтөрү басып алган Украинанын Херсон жана Зопорожье облустарын аннексиялоого жол ачкан, аталган аймактардын «мамлекеттик эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган” жарлыкка кол койду. Кремлдин сайтындагы маалыматка ылайык, жарлык жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-сентябрда Кремлде… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 коллекциялык күмүш тыйын чыгарылат

  Кыргызстанда 3 коллекциялык күмүш тыйын чыгарылат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, тоголок монеталар “Бешикке салуу” аталышын алса, төрт бурчтуу монеталар “Ат чабыш” жана “Олимпиада оюндары” сериясында болот.   Алардын дизайнын иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси сүрөтчү-дизайнерлердин арасында сынак жарыялады.

Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат

Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат. Мэрия көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректерин жарыялады.   Биринчи май районунда 3 түйүн бар, алар Ак-Босого, Мурас-Ордо конуштарында жана Дэн-Сяопин, 531 дарегинде. Свердлов районунун тургундары кара отунду Достоевский көчөсүндө, Дордой-2, Келечек конуштарында таба алат.   Ленин районундагы түйүндөр Мурманская, Алыкулов, Гагарин… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңеши той-аштарга талаптарды бекитти

250дөн ашык киши чакырылбайт. Бишкек шаардык кеңеши той-аштарга талаптарды бекитти. Жобого ылайык, үйлөнүү үлпөт жана башка жакшылык тойлорго коноктордун саны чектелип, 1 эле бодо мал союлушу керек.   Ал эми маркумду жерге берүү, куран окутуу иш-чаралары 3 күндөн ашпайт жана мал союлбайт.  Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге… Кененирээк…

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Буга Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев ишендирүүдө. Анын айтымында, учурга карата Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,6 миллиард кубометрге жетти.   Бул кыш мезгилине жетиштүү. Бирок кышкысын керектөө көрсөткүчү кескин өскөндүктөн, өлкө электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоого аргасыз,… Кененирээк…

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ордо калаадан 39 кичи автобус менен 827 адам министрликтин 10 аскер кызматкеринин коштоосу менен Баткенге жол тартты. Жалпысынан 3 күн аралыгында Бишкектен 75 кичи автобус менен 1 миң 645… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары Мамкурулуштун мурдагы директору, Бишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. Ал аталган оорукананын имаратын куруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны конкурстук тандоо өткөрбөстөн туунду подрядчы менен 340 миллион… Кененирээк…